Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Премьер-министрге карата укук коргоочунун арызын кароо 10-июнга которулду


БИШКЕК. Бишкек шаардык соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевге каршы апелляциялык арызын кароону 10-июнда улантат. Мындай чечимге сот бүгүнкү отурумунда укук коргоочунун сунушуна ылайык келди. Турсунбек Акун соттон каралган маселеге тикелей тиешеси бар премьер-министр Николай Танаевдин өзүнүн катышуусун жана укук коргоочуга карата «эл аралык уюмдардан каражат алган» деген дооматын далилдешин талап кылды. Турсунбек Акун Николай Танаевди «Кай жерде Акунов болсо, ошол жерде чаң-тополоң, кан төгүү болот» деген 2002-жылдын 6-сентябрындагы сөзү үчүн сотко берген. Бирок Биринчи Май райондук сотунун буга байланыштуу чечими укук коргоочунун кызыкчылыгына кайчы келген.

XS
SM
MD
LG