Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Бүгүн Москвада Шанхай кызматташтык уюмунун саммити ачылат


Ага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылмакчы. Саммиттен соң президенттер Санкт-Петербург шаарынын үч жүз жылдык мааракесине катышат. Уюмдун жыйынында бир катар документтер кабыл алынат. Москвада алты күндүк визит менен жүргөн Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн алакалары жаңы баскычка көтөрүлгөндүгүн белгиледи. Цзинтао ошондой эле эл аралык иштерде ООНдун ролун бекемдөөнү, ”көп уюлдуу дүйнө” концепциясын өнүктүрүүнү жактай тургандыгын ырастады. АКШнын атын атабастан Цзинтао дүйнөлүк проблемаларды чечүүдө күч колдонуу практикасын айыптады. Ушул эле күнү Кытай менен Россиянын мунай компаниялары жаңы макулдашууга жетишкендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG