Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Алдыдагы шейшембиде АКШнын президенти Израилдин жана Палестинанын өкмөт башчылары менен жолугушат


Ак үйдүн өкүлү ырастагандай, президент Буштун Жакынкы Чыгыштагы сапары Египеттен башталат. Бул жерде ал Израилдин премьери Ариэл Шарон жана палестин автономиясынын кабинет башчысы Махмуд Аббас менен биринчи сүйлөшүүлөрүн өткөрөт. Сүйлөшүүдө негизинен “жол картасы” планын жүзөгө ашыруунун жолдору талкууланат. Египетте Буш арап лидерлери менен да жолугушат. Жакынкы чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Буш визитин аяктар алдында жөөт жана палестин премьерлери менен Акаба шаарында кайра жолугушат. “Жол картасы” планын палестин кабинети колдоду, Израил өкмөтү да ага жалпысынан макул болду, бирок пландын он төрт пунктуна түзөтүү киргизүүнү сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG