Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

ФРАНЦУЗ ИЛИМПОЗУ ОЛИВЬЕР РУА: ИСЛАМ РАДИКАЛДАРЫ ГЛОБАЛДЫК ФЕНОМЕНГЕ АЙЛАНДЫ


Франциялык илимпоз Оливьер Руа Ооганстан, Борбор Азия жана ислам динине арналган бир нече китептин автору. Алардын ичинде “Жаңы Борбор Азия: Мамлекеттердин түптөлүшү”, “Саясый исламдын ойрон болушу” жана “Глобалдык ислам” деген эмгектер да бар. Илимпоз азыр Франциянын илимий изилдөөлөр боюнча улуттук борборунда бир бөлүмдү жетектейт. Оливьер Руа үстүбүздөгү аптада “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болуп, исламдын эл аралык жүзү жана радикалдуу канаты жөнүндө журналисттер менен ой бөлүштү.

Ислам дини акырындап Батыш өлкөлөрүндө тамырын терең жайып баратат. Европа өлкөлөрүндө азыр 20 миллиондон көп мусулман жашайт. Алардын көпчүлүгү Батышка жакшы турмуш издеп келгендер. Батыш маданиятын мусулман диниятчылары чанышканы менен, ислам өлкөлөрүндө Европа менен Түндүк Америкага барып жашоону каалагандар өтө көп.
Бир эле мисал. Жыл башында Франциянын президенти Жак Ширак Алжирге барганда, миңдеген адамдар аны “Виза!”, “Виза” деп кыйкырып, тосуп алышты.
Батышта жаңы конуш тапкан мусулман үй-бүлөлөрү өз элинин үрп-адаттарын сактоого тырышса да, жаңы муун түпкү мекенинен алыстап, эне тилин унута баштаганын жана дүйнө кабылдоосу өзгөргөнүн изилдөөлөр тастыктайт. Алар Батыштын демократиялык баалуулуктарын жана либералдык көз карашты кабыл алабы? Сөз учугу француз илимпозу Оливьер Руада:

- Биз, Батыштагылар азыр фундаментилизмдин доорунда жашоодобуз. Америкада фундаменталисттик кыймыл эч качан азыркыдай күчтүү болгон эмес. Мусулмандар да “нукура динге” кайтуу жараяныдан сыртта калбады. Башка диндердей эле исламда да индивидуализм, башкача айтканда өзүм билемдик жана өз кызыкчылыгын алдыга коюу күч алып, диний институттар алсыздана баштады. Ошентип, динге кайтуу диний институттардын таасиринин жоголуусу менен коштолууда. Буга католик чиркөөсү үлгү. Жыл сайын болчу Жаштар күнүндө өтчү зыяпаттар чиркөөдө өткөнү үчүн эмес, ага Папа катышканы менен белгилүү.

Оливьер Руа маалымат каражаттары диний көз караштардын ылдам жана кеңири масштабда жайылышына шарт түзгөнүнө көңүл бөлүп, либералдуу ислам өтө пассивдүү деди.

- (Ислам) идеялары, окуулары жана массмедиа (массалык маалымат каражаттары), өзгөчө вахабилердин же саудиялыктардын таасири астында, бара-бара бир тараптуу жана эл аралык болуп барат. Сиз эгер интернетти ачсаңыз, салафилер жана вахабилерге окшогон топторго таандык англис жана араб тилиндеги бардык адабияттарды табасыз. Башка өлкөлөрдө билим алып жүргөн жаштар аларды ачып окуйт, маалымат алмашат. Ал эми либералдуу ислам идеялары да ушундай жайылып жатат деп айта албайм.

Франциялык ислам таануучуга “Радикалдуу ислам идеялары Батышта кандай тамырлады?” деген да суроо берилди.

- “Ал-Каида” жана ага окшогон топтор Жакынкы Чыгыш калабасын Батышка жайылтпады. Алар негизинен Батыштык кыймылдар. “Ал-Каиданын” желдеттеринин акыркы мууну-саудиялыктарды, йемендиктерди жана пакистандыктарды албаганда- баарысы тең Батыштан билим алгандар. Теги Жакынкы чыгыштыктардын бири да медреседен таалим алган эмес. Алардын баары Батыштын секулярдык агартуу системасынан тарбия көрүшкөн. Алардын көпчүлүгү Батышта мусулман болуп кайра төрөлүшкөн. Көптөрү европалык кыздарга үйлөнгөн.

Оливьер Руанын Борбор Азияда ислам халифатын орнотууну максат кылган жана Кыргызстандын түштүгүндө өтө активдүү исламчыл “Хизб-ут-Тахрир” кыймылы жөнүндөгү пикири мындай.

- Эң кызыгы, “Хизб-ут-Тахрир” азыр Лондондо жайгашкан. Алар Түндүк Европа, Улуу Британия, Дания, Швеция жана Голландияда өз катарын толуктоодо. Алар Батышта негизделип, андан соң Борбор Азияда пайда болушту... Ошентип, ислам радикалдары мусулман өлкөлөрүнөн Батышка экспорттолбостон, эки жактуу багытта өнүккөн глобалдык феноменге айланганын ачык көрөбүз.
XS
SM
MD
LG