Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Нарын облусунда билим берүү начар деп табылды


НАРЫН. Билим берүү министрлиги менен Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын кечээки кошмо коллегиясы «Нарында билим берүүнүн деңгээли начар» деген жыйынтыкка келди. Бүгүн облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча, билим берүү иштери өзгөчө Атбашы, Акталаа жана Жумгал райондорунда начар. Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жумабек Толтуков кызматынан четтетилген. Ал эми облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы Төрөбек Иманбердиевге сөгүш жарыяланган. Мындан тышкары, ондон ашуун мектеп директорлорунун кызмат абалын чечүү облустук башкармалыкка тапшырылган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG