Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Кыргыз ишканасы эл аралык өнөр жай тобуна мүчө болду


БИШКЕК. Кыргызстандын «Айнур» заводу «Коргонуу системалары» аттуу эл аралык финансы-өнөр жай тобуна мүчө болду. Мындай маалыматты кечээ Орусиянын «РИА-Новости» агенттиги ушул топтун кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, мындай чечим топтун башкаруу кеңешинин Минск шаарында өткөн жыйынында кабылданды. Кыргызстандын ишканасынан тышкары, топко Казакстандын Радиоэлектроника жана байланыш боюнча улуттук борбору да мүчө болду. Ал ишкана аскердик техниканы жана коргонуу куралдарын ремонттоп, коргонуу багытындагы продукцияны чыгарат.

XS
SM
MD
LG