Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Тышкы иштер министри АКШга бармак болду


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов июндун башында АКШга жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, Аскар Айтматов АКШнын вице-президенти Дик Чейни, мамлекеттик катчы Коллин Пауэл, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс, Конгресстин мүчөсү Питц, сенаторлор Браунбек, МакКейн, Бернс жана ЮСАИД агенттинин директору Натсиос менен жолугушат. Мындан тышкары ал Хопкинс атындагы Борбордук Азия жана Кавказ университетинде «Борбордук Азиядагы коопсуздукту чыңдоодо Кыргызстандын ролу» деген темада доклад жасап, Солт-Лейк-Сити шаарында президент А.Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» деген китебинин бет ачарына катышат.

XS
SM
MD
LG