Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Депутаттар «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоону улантышты


БИШКЕК. Эч себепсиз 15 күн сессияга келбеген депутатты мандатынан ажыратуу маселесин анын өз шайлоочулары чечет. Ишке чыкпаган депутатты мандатынан ажыратуу маселесин Борбордук шайлоо комиссиясы көтөрүп, акыркы чечимди шайлоочулар кабыл алат. Бүгүн «Регламент жөнүндөгү» мыйзам долбооруна ушундай норма киргизилди. Мындан тышкары, депутаттар долбоордун 36-беренесиндеги «Жогорку Кеңештин жыйынынын биринчи отурумунун өтө турган күнүн президент аныктайт» деген сөздү «БШК аныктайт» деген сөз менен алмаштырышты. Депутаттар өлкөнүн экономикасына коркунуч келген өзгөчө учурларда салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмүн өз алдынча өзгөртүүгө өкмөткө укук беришти. Бирок өкмөт мындай чечимди эмнеге негиздеп кабыл алганын Жогорку Кеңешке 2 күн ичинде маалымдоого тийиш.

XS
SM
MD
LG