Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Николай Танаев министрлерге айрым депутаттарды сотко берүү маселесин караштырууну тапшырды


БИШКЕК. Бүгүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы билдирүү таратты. Анда премьер-министр Николай Танаев 27-майда өткөн өкмөт жыйынында өкмөттү жана күч органдарын сындаганы үчүн айрым депутаттарды сотко берүү маселесин караштырып көрүүнү юстиция министри Курманбек Осмоновго жана ички иштер министри Бакирдин Субанбековго тапшырганы айтылат.
Коалиция өкмөт башчысынын мындай аракетин саясий жоопкерсиздик жана демократиянын өнүгүшүнө коркунучтуу кадам катары баалап, коомдук уюмдарга, саясий партияларга жана президент Аскар Акаевге премьер-министрдин мындай кадамдарына баа берүү өтүнүчү менен кайрылды. Билдирүүдө депутаттар Конституциянын 56-беренесине ылайык депутаттык ишин өтөп жатып айткан сөздөрү үчүн куугунтукка алынбастыгы, өкмөт болсо Конституцияга ылайык айтылган сынды туура кабыл алууга милдеттүү экени белгиленген.
Өкмөт башчысынын мындай талабы Жалалабаддагы курал тоноо фактысын талкуулоодо депутаттардын өкмөткө айткан катуу сынынан улам пайда болду.

XS
SM
MD
LG