Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Орусиянын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен июлда келиши мүмкүн


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий иш сапары менен быйыл 27-28-июлда келиши мүмкүн. Бул тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун Москва саммитинин алкагындагы А.Акаев менен В.Путиндин бүгүнкү жолугушуусунда сөз болду. Андагы маалыматка караганда, орусиялык президенттин иш сапарынын учурунда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Кыргызстандын «Кант» аба майданына жайгашуучу авиабазасына байланышкан маселе толук бойдон чечилиши мүмкүн. Владимир Путиндин расмий иш сапарына чейин, 25-26-июль күндөрү Бишкекте «Кыргызстан-Орусия» аттуу инвестициялык форум болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, форум Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүп, биргелешкен ишканаларды түзүү максатында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG