Өкмөт ал жерде инфраструктураны өнүктүрүүнүн кажети жок жана ал жерлерде отурукташкан калкты башка жакка көчүрүү керек деп эсептейт. Орусиянын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары Мухамед Цыканов Якутия, Камчатка, Чукотка жана Эвенкиядан болжолу менен 200 миңден 600 миңге жакын киши Орусиянын борбордук чөлкөмдөрүнө көчүрүлө турганын кошумчалады, бирок көчүрүү качан баштала турганын билдирген жок.