Азербайжандын маалымат каражаттары Гейдар Алиевдин ордуна шаардын 300-жылдык мааркесине өлкөнүн премьер-министри Артур Расизаде бара турганын билдирди. Мунун себеби түшүндүрүлбөйт, бирок 80ге чыккан Алиевдин ден соолугу жакшы эмес экени белгилүү. Апрель айында Алиев эл алдына сүйлөп жатып, эки жолу эс-учун жоготуп койгон. Түркияда дарылоодон өткөн президент андан бери эл алдына бир да жолу чыга элек.