Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Улуттар Уюму Ооганстандын аймагын миналардан тазалоо операцияларын убактылуу токтотту


Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы өкүлү миналардан тазалоо операциялары сапёрлорго үзгүлтүксүз кол салуулар болуп жатканына байланыштуу токтотулганын билдирет. Буга байланыштуу Газни провинциясында жүздөгөн карапайым кишилер демонстрация өткөрүшүп, наарызылык билдиришкен. Бирок өкүл операциялар саперлор тобунун коопсуздугу камсыз кылынган учурда гана улантыла турганын билдирет. Өткөн үч айдын ичинде Улуттар Уюмунун Ооганстанда иштеп жаткан бир нече кызматкерлери өлтүрүлдү. Ал эми бүгүн минага жарылып бейпилдик күчтөрүнүн бир немис аскери курман болуп, бирөө жарат алды. Окуя Кабулдун чет жакасында болгон.

XS
SM
MD
LG