Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери уюмдун Москвада аяктаган саммитинде кабыл алынган декларацияда эл аралык мамилелердин системасында Улуттар Уюмуна атаандаша ала турган уюм жок экенин билдиришти. Орусиянын президенти Владимир Путин мындай деп билдирди:
- Бүгүн эл аралык системада Улуттар Уюмуна альтернатива жок. Ошон үчүн биз анын механизмдеринин эффективдүүлүгүн арттырууга чакырабыз. Глобалдуу туруктуулукту орнотуу, жергиликтүү жаңжалдарды көзөмөлдөө эл аралык мыйзамдык нормалардын негизинде гана мүмкүн.
Уюмдун мүчөлөрү өнөгөсүз өпкө оорусунун эпидемиясына каршы чараларды уюштуруу жана башкаруу вазыйпасын Бишкекте жайгашкан антитеррордук борборго тапшырышты. Алар ошондой эле эл аралык террорчулукка жана наркоаткезчиликке каршы биргелешип күрөшүүгө убада беришти. Шанхай кызматташтык уюмунун баш кеңсеси Кытайда жайгашып, уюмдун алгачкы аткаруучу катчысы болуп Кытайдын Орусиядагы элчиси Жаң Дегуаң шайланды.