Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Ирактагы америкалык аскерлер коопсуздук чараларын күчөтүштү


Генерал Дэвид Маккирнан өлкөнүн түндүк-батыш райондоруна кошумча аскер бөлүктөрү жөнөтүлө тургандыгын эскертти. Коалициянын күчтөрүнө кол салгандарга каршы өтө катаң чаралар көрүлөт,деп айтты ал. Бейшемби күнү Багдадга жакын жерде америкалык бир солдат набыт болду. Соңку бир аптанын ичинде эле америкалык беш жоокер киши колдуу болуп өлүштү. Мунун баарын бийликтен кулатылган режимдин тарапкерлери жасап жатат, деп билдирди америкалык генерал. Кечээ Болгариянын парламенти Иракка эл аралык бейпилдик контингенти үчүн жарым миң солдат жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ирактагы коопсуздук операциясына катышканга ниеттүү экенин 15 өлкө ырасташты.

XS
SM
MD
LG