Аннмасс шаарында ачылган бул жыйын “Башка дүйнө үчүн” деген ураан астында өтүп жатат, анда дүйнөлүк өнүгүүнүн глодалдык маселелери талкууланат. Антиглобалисттер өздөрүнүн сунуштарын дүйшөмбү күнү Франциянын президенти Жак Ширакка тапшырмакчы болуп жатышат. Аннмасска экологиялык кыймылдардын, өнүгүп жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүүнү жактагандардын жана башка топтордун өкүлдөрү келишти. Кечээ төрт миңдей антиглобалисттер Швейцариянын Лозанна шаарында демонстрация өткөрүштү.