Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

ООНдун баш катчысы Эвиандагы саммиттин катышуучуларына атайын кат менен кайрылды


Кофи Аннан сегиз өлкөнүн лидерлерин, атап айтканда, саммит учурунда жакырчылык жана өнүктүрүү проблемасына көңүл бурууга чакырды. Катта ошондой эле жакыр-жалчы өлкөлөргө азык-түлүк, СПИД илдетине каршы күрөштө арзан дары-дармек жактан жардамдашуу өтүнүчү айтылган. Аннан “чоң сегиздиктин” лидерлери дүйнөлүк бир катар маселелердеги, айрыкча Иракка байланышкан ичи ара пикир келишпестиктерди унутта калтыра тургандыгына да ишенич билдирди. Сегиз өлкөнүн саммити жекшемби күнү Франциянын Эвиан шаарында ачылат жана эмдиги шейшемби күнү аяктайт.

XS
SM
MD
LG