Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:03

Израил аскерлери басылып алынган араб жерлеринен чыгарыла баштады


Израилдин премьер-министри Ариель Шарон - Йордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкесинин кээ бир аймактарынан жөөт аскерлерин чыгарып кетүүгө буйрук берди. Ага жооп катарында, Палестина жетекчилиги террорчулукка каршы күрөшүн күчөтүүгө тийиш. Маселени 29-майда Шарон Йерусалим шаарында Палестина автономиясынын жаңы премьер-министри Махмуд Аббас менен жолугуп, талкуулаган. Бирок Палестинанын тышкы иштер министри Набил Шааттын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, "Хамас" уюму менен келишим түзүүлүгө тийиш жана алар менен азыр сүйлөшүү жүрүп жатат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG