Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюуга аракеттер көрүлүүдө


БАТКЕН. Селден кийинки кайра калыбына келтирүү иштерине азыр Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн 400дөй тургуну жана 10 техника тартылган. Арыктар, каналдар тазаланып, жолдор оңдолуп жатат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бул иштер үчүн 5 тонна күйүүчү май, үйсүз калган жана үйлөрү жашоого коркунучтуу үй-бүлөлөргө 4 чатыр берилди. 26-май күнү нөшөрлөп жааган катуу жаандан улам, кечки саат 8дер чамасында бул айыл өкмөтүнүн аймагында сел жүрүп, андан бир үй толугу менен, бир үй жарым-жартылай кыйрап, 18 үйдү, 22 чарбалык курулуштарды жана 83 короо-жайды суу каптаган. Мындан тышкары, 2 үй жашоого коркунучтуу абалга келип, Үчкоргон-Теңизбай жолунун айрым жерлерин сел бузуп кеткен.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG