БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук соту премьер-министр Николай Танаевдин доо арызына ылайык «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрага орун басары, пенсионер Михаил Корсунскийге байланыштуу сот ишин карады. Ага «Моя столица - новости» гезитинин башкы редактору Александр Ким, Михаил Корсунский өзү жана Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучков катышты. Сот техникалык себептерге байланыштуу келерки аптага чейин жылдырылды.
Премьер-министр «Моя столица - новости» гезитин жана Николай Корсунскийди анын «Селейменин дарысы - сот» деген макаласы үчүн сотко берип, гезиттен 5 млн. сом, автордон 2,5 млн. сом, гезит ээси Александр Кимден 10 млн. сом талап кылууда.