Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн «Агахан» фонду менен макулдашуусун талкуулап атат


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Кыргыз өкмөтү менен Агахан фондунун ортосундагы экономикалык кызматташтык боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» алкактык мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Долбоорду парламентке кыргыз өкмөтүнүн атынан финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев сунуштады. Макулдашууга боюнча фонд Кыргызстандын аймагында фармацевттик, жеңил өнөр жай, тамак-аш, туризм багытында бир катар ишканаларды куруп, иштетүү милдетин алган. Бирок кыргыз өкмөтү бул документ ишке киргенден баштап, ишканаларды куруу учурунда кошумча нарк жана киреше салыктарынан жеңилдиктерди бериши керек болот. Талкуунун жүрүшүндө депутаттарды макулдашуунун көп жактары ынандырган жок. Айрым депутаттардын пикирлерине караганда, макулдашуу эл аралык стандартка ылайык жетик иштелген эмес, бул болсо өз кезегинде Кыргызстандын мамлекет катары кадыр-баркына сөз тийгизиши ыктымал. Долбоордун качан, канча каражат менен ишке киришээри такталбай калган. Ал тургай анын кыргыз тилиндеги нускасы да даярдалган эмес. Ушундай негиздемелерге таянган депутаттар макулдашуунун долбоорун талкуулоону келерки отурумга калтырышты.

XS
SM
MD
LG