БИШКЕК. Бүгүн Германиянын парламентинин Жогорку палатасы Бундесраттын президенти Вольфганг Бемер баштаган делегация Кыргызстанда болуп, премьер-министр Николай Танаев, спикер Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен жолукту. Жолугушууларда эки өлкөнүн кызматташтыгын жакшыртуунун жолдору талкууланды. Мейманды кабыл алуу учурунда Николай Танаев Германия Кыргызстандагы реформаларды ар тараптуу колдоого алып келатканына ыраазылык билдирди.
Вольфганг Бемерди кабыл алган Абдыганы Эркебаев парламент аралык мамилелер жакшы нукта өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда 2-февралда өткөн референдум бийликтер ортосундагы тең салмакты сактоого өбөлгө түзгөнүн айтып өттү. Ушул эле күнү Вольфганг Бемер баштаган делегация Ысыката районундагы Рот-Фронт айылынын немис улутундагы тургундары менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Германиянын Кыргызстанга берген жардамы 141 миллион еврону түзөт.