Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Санкт-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусу болду


БИШКЕК. Бүгүн Санкт-Петербургда Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин башчылары бейформал жыйын өткөрүшүп, ага президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты. Анда КМШ мамлекеттеринин ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө КМШ мамлекеттеринин башчылары Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулашып, Абхазиядагы тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрдүн мөөнөтүн узартуунү чечишти. Андан тышкары жыйында Орусия, Казакстан, Украина жана Беларусь түзүп жаткан бирдиктүү экономикалык аймак уюмунун айланасындагы маселе да талкууланды. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынан алынды.

XS
SM
MD
LG