Кечээ Россиянын атом энергетика министри Александр Румянцев Вашингтонду Бушердеги атомдук электр станциясын курууга орус адистери менен биргелешип жардамдашууга чакырган эле. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Тегеран МАГАТЭнин талаптарын толук аткарганда жана бул жагынан кошумча протоколго кол койгондо гана Иран менен кызматташууга мүмкүн экени айтылат. Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази аталган документке кол койгонго Тегерандын даяр экендигин ырастап, алды менен АКШ санкциялар менен кысым көрсөтүү аракетин токтотууга тийиш деп билдирди.