Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Филиппинде өкмөттүк жана оппозициялык аскерлер ортосунда согуш жүрүп жатат


Филиппинде өкмөттүк аскерлер менен Моро оппозициялык уюму ортосундагы куралдуу кагылышуулар уланууда. Ишемби күнү эртең менен Магуинданао провинциясынын Упи шаарынын алдында козголоңчулар өкмөттүк аскерлерге буктурма уюштурган жана кагылышуудан жети өкмөттүк менен 16 оппозициялык аскер курман болду. Дату Паглас шаарынын алдындагы кагылышууда болсо, төрт козголоңчу өлтүрүлүп, дагы алтоо туткунга алынды. Моро уюмунун аскеринин саны 12 жарым миң адамга жетет жана Филиппиндин президенти Глория Арройо - алар кечээ күнү жасаган ок атышууну убактылуу токтотуу сунушун четке какты.

XS
SM
MD
LG