Ооганстандагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, алардын Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Ооганстандагы эки базасына белгисиз адамдар чабуул койду. 21-май күнү эртең менен Кунар провинциясындагы Асадабад шаарындагы базага, жума күнү кечинде болсо Пактика провинциясындагы Ургон базасына бир нече ракета атылган. Эч ким курман болгон жок, анткени, америкалык адистердин айтымында, "Аль-Каиданын" террорчулары ракета менен пайдаланганды жашы билбейт.