Бурма мамлекетинин жетекчилигинин айтымында, оппозиция лидери Сан Су Жи жана анын партиясынын 17 мүчөсү 30-май күнү кечинде убактылуу камакка алынды. Өлкөнү башкарган хунтанын жетекчиси Тим Виндин айтымында, 30-майда өлкөдө Сан Су Жинин колдоочулары демонстрация өткөрүп, тартип бузгандан төрт адам курман болуп, дагы 50 киши жарат алган. Сан Су Жи айым камакта отурганда, ага 1991-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган жана эл аралык коомчулуктун талабы менен ал камактан былтыр гана бошотулган.