АКШ жетекчилиги 30-майда Орусиянын Иран боюнча дагы бир сунушун четке какты. Вашингтон акыркы мезгилде Иранды - өзөктүк курал өндүрүүгө умтулууда деп күнөөлөп келет жана Маскөө ага жардамдашып жатат деген да сын айтылат. Орусиянын өзөктүк кубат боюнча министри Александр Румянцев ошондуктан АКШга кайрылып, Ирандын Бушер шаарындагы атомдук станцияны биргелешип курууну сунуштаган. Америка жетекчилигинин айтымында, өзөктүк маселелер боюнча Иран атайын протоколго кол коймоюнча, аны менен бул тармакта эч ким кызматташпаш керек. Тегеран андай протоколго кол коюуга даяр, бирок кандай болбосун басым же коркутууга каршы.