Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Санкт-Петербургда Европа-Орусиялык саммит болуп өттү


Ишемби күнү Санкт-Петербург шаарында Орусия менен Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу болуп өттү жана анда президент Владимир Путин чыгып сүйлөп, орус жарандарына Биримдиктин өлкөлөрүнө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды. Путиндин айтымында, андай болгондо тараптар ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге чыгат: "Менин терең ишенимимде, биздин жалпы максатыбыз, саясий жана моралдык милдетибиз - бардык тоскоолдуктарды тез арада алып салуу. Антпегенде көптөгөн миллион адам өздөрүнүн башка өлкөлөрдө жашаган досторуна жана туугандарына бара албай калып жатат. Чындап айтканда, жөнөкөй орус жарандары азыркы абалды - Шенген дубалы түзүлгөндөй кабыл алууда". Саммитте - "Европалыктар үчүн бирдиктүү Европа" деп аталган декларация кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG