БИШКЕК. Эртең кыргыз оппозициясынын лидери Феликс Куловдун камакта жатканына 1000 күн болот. Феликс Кулов түрмөдөгү 1000 күндүн 946сын Улуттук коопсуздук кызматынын жертөлөсүндө жалгыз отуруп өткөрдү. 53 күндөн бери Ф. Кулов Сокулук районундагы, күчөтүлгөн тартиптеги № 19-колонияда кармалууда. «АКИ-пресс» агенттигинин кечээки маалыматына караганда, боштондукка чыгаар күнү жакындап калган Феликс Куловду түрмөдөн чыгаруу боюнча «Арнамыс» партиясы менен бийликтин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатат, бирок бийлик тарап оңой менен аткарылбай турган талаптарды коюуда. Алгач ирет Ф. Кулов 2000-жылы 22-мартта республикалык жүрөктү дарылоо ооруканасынан кармалып, камакка алынган.