БИШКЕК. Акыйкат башкаруунун улуттук кеңешинин жобосу кечээ жалпы элдик талкууга коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы Елена Белковская билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Кеңештин 27-майда өткөн экинчи отурумунда кабыл алынган. Массалык маалымат каражаттарында жарыяланган жобонун долбоору 10 күн ичинде талкууга алынып, сунуш-пикирлерди камтыган акыркы үлгүсү президенттин кароосуна сунушталат. Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш президенттин 8-апрелдеги жардыгына ылайык түзүлүп, анын башчылыгына премьер-министр Николай Танаев дайындалган.