Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Кытай Янцзы дайрасын бууп баштады


Өткөн түнү саат туура 12де "Үч капчыгай" тосмосунда бул дайраны тоскон суу дарбазасы жабыла баштады. Ошону менен дүйнөдөгү эң ири гидроэлектр долбоорунун тушоосу кесилди.
Плотинанын алдында узуну 600 чакырым келген көлмө пайда болот. Кытай "Үч капчыгай" тосмосу өлкөнүн электр кубатына болгон суроо-талабын канааттандырып, өткөн жүз жылда эле 330 миң кишинин өмүрүн алган суу ташкынын тизгиндөөгө мүмкүндүк берээрин айтууда. Бирок башкалар 25 миллиард доллардык долбоор ишке ашканда, суу астында калган шаарлар экологиялык кесепетке алып келээрин эскертишкен.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG