Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Францияда өнүккөн өнөр-жайлуу өлкөлөрдүн саммити башталды


Саммиттин алдында конок ээси - Франциянын президенти Жак Ширак АКШнын президенти Жорж Буш менен кол алышып жылуу учурашты. Ирак согушунан улам Буш менен Ширактын мамилеси абдан начарлап калган эле.
Дүйнөдөгү эң ири өнөр-жайлашкан сегиз өлкөнүн лидерлерин анти-глобализациячыл активисттер каршы алышты. Алар саммит өтө турган жайга баруучу чоң жолду бууп, баррикадаларды өрттөштү. Саммит жайынын каршы тарабында, Швейцариянын Лузанна шаарында тополоң айрыкча катуу болду. Беттерин чүмбөттөгөн демонстранттар полицияны таш бараңга алып, дүр-дүйнө дүкөнүн жана бензин куюучу жайды талкалап кетишти. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу замбирегин колдонду.
Үч күнгө созулуучу саммитте негизинен глобалдык экономика жана эл аралык терроризм темалары талкууланат.

XS
SM
MD
LG