Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Россиялык теннисчилер чейрек финалда


Теннис боюнча Парижде өтүп жаткан Франциянын ачык биринчилигинде америкалык теннис-жылдызы Винус Вильямс россиялык Вера Звонаревага уттуруп койду. 18 жаштагы Вера Звонарева эми чейрек финалда ойнойт.
Аялдар арасында дүйнөдөгү үчүнчү мыкты оюнчу саналган Винус Вильямс төрт ирет өтө абройлуу “Чоң тулга” байгесин жеңип алган.
Россиялык экинчи бир теннисчи, 20 жаштагы Надежда Петрова да башка бир атактуу АКШлык теннисчи Женнифер Каприатини утуп, чейрек финалга чыкты.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG