Британия менен Франция жекшемби күнү Мянмардын (Бирма) аскерий өкмөтүн оппозициянын лидери Аунг Сан Су Чи айымга жана ал башындагы демократиячыл партиянын 18 мүчөсүнө токтоосуз эркиндик берүүгө чакырды.
Тынчтыктын Нобель сыйылыгынын лауреаты Аунг Сан Су Чи айым Демократия үчүн улуттук лига партиясынын төрагасы. Оппозициянын лидерин жана анын партиялаштары ишемби күнү “этияттык чарасы көрүлүүдө” деп камакка алынган.
Улуттар Уюму да Аунг Сан Су Чи айым менен партиялаштарынын камалганына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.