Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Улуттар Уюмунун Ирактагы өкүлү Сержио Виейра Меллонун вазийпасы


Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы дайындалган Ирактагы өкүлү Сержио Виейра де Мелло бүгүн Багдадга келет. Анын милдети Ирактагы кайра куруу иштерин жана өлкөгө гуманитардык жардамдын берилишин координациялоо.
АКШлык-британиялык администрациянын өкүлү Жон Кинкэнондун билдирүүсүнө караганда, Иракты реконструкциялоо жана гуманитардык жардам берүү кеңсеси Виейра де Мелло менен кызматташуу натыйжалуу болот деген үмүттө.
ООНдун өкүлү кызматы Коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча кабыл алган соңку резолюциясына ылайык түзүлгөн. Ушул эле резолюция менен Иракка каршы 13 жыл мурда киргизилген экономикалык чектөөлөр токтотулган.

XS
SM
MD
LG