Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Коомдук уюмдар Тажикстан менен кызматташууга киришти


БАТКЕН. Эларалык толеранттуулук коомдук фондунун Баткендеги бөлүмүнүн Тажикстан-Кыргызстан долбоору мындан ары «Аймактык баарлашуу жана өнүктүрүү» долбоору деп аталып, Тажикстандын Согди облусундагы коомдук уюмдар менен иштешүүгө киришти. Аталган долбоордун кызматкери Асылбек Эгембердиевден 2-июнда алынган маалыматка караганда, Кыргызстан-Тажикстан долбоору эми «Аймактык баарлашуу жана өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Улуттар уюмунун долбоорлор кызматы менен Франциянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенстчилигинин, Тажикстандын Согди облусундагы өкүлчүлүктөрү жана «Иттифок» коомдук уюму менен биргелешип иш жүргүзө баштады. Буга дейре кыргыз – тажик чегиндеги этникалык чыр-чатактардын алдын-алуу жана жоюу үстүндө иш жүргүзүп келаткан бул долбоор эми аталган уюмдар менен биргелешип иштөө менен чек ара аймактарын өнүктүрүүгө да багыт алат. Учурда биргелешкен долбоор тарабынан Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү жана ага чектеш тажик айылдарындагы суу тартыштыгын чечүүгө аракеттер көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG