БИШКЕК. 2-июнда Бишкекте жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана кедейчиликти жоюуда алардын ролуна арналган семинар-кеңешме башталды. Ага республикадагы айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү катышууда. Семинар-кеңешме жергиликтүү проблемаларды чечүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маалыматтуулугун арттырып, демилгелерин жандантуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштешүүгө даярдыгын жогорулатуу максатын көздөөдө. Семинардын катышуучуларына тиешелүү мамлекеттик мекеме жетекчилери жана эларалык финансы уюмдарынын өкүлдөрү маалымат беришип, социалдык проблемаларды чечүүдө жергиликтүү органдардын ишкердүүлүгүн бир нукка салып, жарандык коом менен бирдиктүү иш алып баруу зарылдыгын билдиришти.