Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Жазгы айдап-себүү иштери кечеңдөөдө


БИШКЕК. Кыргызстанда быйылкы жазгы айдап-себүү жумуштары бир айга кечеңдеп жатат. Мындай маалымат 2-июнда айыл, суу жана кайра иштетүү министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Кымбатбек Мусаевден алынды. Анын маалыматына караганда, 157 миң гектар жерге себилчү буудайдын азыр 135 миңи, 75 миң миң гектар жерге айдалчу жүгөрүнүн 61 миңи, 5 миң гектар жерге айдалчу тамекинин 1 миң 700 гектар жери айдалып, себилди. 85 миң гектар жерге себилчү картошканын 80 миң гектары, 49 миң гектарга айдалчу жашылчанын 38 миңи отургузулду. Быйыл өткөн жылдарга салыштырмалуу пахта 2 миң гектар жерге көп айдалат.

XS
SM
MD
LG