БИШКЕК. «Ар намыс» саясий партиясы июнь айынын ичинде жалпы республикалык экинчи курултайын өткөрөт. Мындай маалымат 2-июнда партиянын штаб жетекчиси Эмил Алиевден алынды. Анын маалыматына караганда, мындай чечим партия лидерлеринин 1-июнда өткөн жыйынында кабыл алынды. Курултайдын күн тартибине Кыргызстандын учурдагы саясий-экономикалык абалын талкуулап, ага саясий баа берүү, партиянын жакынкы мезгилдеги стратегиясы менен тактикасын аныктоо жана уставы менен программасына өзгөртүү киргизүү маселелери коюлат. Партия Уставы менен программасына өзгөртүүлөр Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынгандыгына жана айрым мыйзамдардын ага ылайыкташтырылып өзгөртүлүп жаткандыгынан улам киргизилет. Өзгөртүүлөрдүн долбоорун азыр атайын түзүлгөн жумушчу топ даярдоодо жана партиянын ага өз сунуш-пикирлерин айтууну каалаган мүчөлөрүн талкууга чакырууда. «Ар намыс» партиясы 1999-жылы түзүлгөн, азыр 12 миң мүчөсү бар.