Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:33

Өкмөт башчы түштүктө


ЖАЛАЛАБАД. 2-июнда премьер-министр Николай Танаев түштүк аймакка сапарга чыгып, алгач Жалалабад облусунда болду. Николай Танаев Сузак районундагы Көгарт дарыясынын жайылмасын көрүп, жээк тосуу иштеринин планы менен таанышты. Кызкөл айыл өкмөтүндөгү жер көчкүдөн бузулган жолду, 150 бала окуган Дүйшөнкул Шопоков атындагы 9 жылдык эски мектепти, Сарыбулак айыл өкмөтүндөгү суу жууп кеткен дамбаны жана башкаларды көрүп чыкты. Өзү менен кошо жүргөн транспорт жана коммуникация, чукул кырдаалдар министрлери Кубанычбек Жумалиев менен Сатыбалды Чырмашевге, айыл жана суу чарба, каржы министрликтеринин өкүлдөрүнө жээк тосуу, мектеп, жол куруу боюнча көрсөтмөлөрдү берди. Николай Танаевге жергиликтүү элдин арыз-муңун айтууга Кызкөл жана Сарыбулак айылдарынан чогулган он чакты кишинин баары эле үлгүрүшкөн жок, эки карыя гана өкмөт башчы машинага чыгаар алдында айылдыктардын кайрылуусун берүүгө гана үлгүрүштү.

XS
SM
MD
LG