БИШКЕК. 23-майдан бери чыкпай калган «Моя столица» гезитинин качан жарык көрөрү белгисиз. Гезиттин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, буга гезитти чыгарууга расмий уруксатты Ленин райондук сотунун бербей жатканы себеп болууда. Редакция гезиттин 23-майдагы санын камакка алууга негиз берген 5 миң сомдук айыппулду 28-майда төлөп берген. Бирок, сот «айыппул төлөндү, камакка алынган гезит ээсине берилсин» деген уруксатты бербей жатат. Александр Кимдин айтымында, бул гезитти өз окурмандарынан алыстатуу жана бара-бара редакцияны ишин биротоло токтотууга мажбур кылуу үчүн атайылап жасалууда.