БИШКЕК. 2-июнда Бишкек шаардык соту укук коргоочу Турсунбек Акундун апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган жок. Турсунбек Акун жана 7 киши 16-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Үзөңгүкууштун Кытайга берилишине бир жыл болгондугуна байланыштуу пикетке чыгышкан. Милиция кызматкерлери пикетчилерди кармап, аларды сотко берген. Биринчи Май райондук соту ишти карап, Турсунбек Акун Админстративдик кодекстин 372- беренесин бузду деп, ага 1 миң сом айыппул салган. Сотттун мындай чечимине нааразы болгон Турсунбек Акун Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган эле. Шаардык сот апелляциялык арызын канааттандырбагандан кийин, Турсунбек Акун эларалык сотко чейин арыз менен кайрылып, өз укугун коргоорун билдирди.