Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Ирандын жогорку бийлиги АКШнын өкүлчүлүгүн өз өлкөсүндөгү атомдук станциянын курулушуна катышууга чакырды


Дүйшөмбү күнү Ирандын Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Хамид Реза Асефи билдирүү жасап, АКШнын өкүлчүлүгүн Ирандагы атомдук станциянын курулушуна катышууга чакырды. Расмий Тегеран мындай кадамдарга “АКШ жогорку бийлигин Ирандын аракети тынчтык планда жасалып жаткандыгына ишендирүү үчүн барууда” деп кошумчалады Ирандын өкүлү. Ошону менен бирге эле ал эгерде АКШ Иранга карата экономикалык санцияларын албаса, чет элдик байкоочулар Иранга киргизилбей тургандыгын эскерте кетти. Буга чейин АКШ Иранды “Эл аралык террорчуларды өз өлкөсүндө жашырып, өзөктүк куралдарды чыгарууга аракет жасоодо” деп бир нече курдай айыптаган.

XS
SM
MD
LG