Саддам Хусейндин кыздары Британиядан баш баанек суроону көздөшүүдө. Бул тууралуу Саддамдын учурда Лондондо жашаган жакын туугандарынын бири арабиялык “Аш-Шарк ал-Аусат” гезитинин бүгүнкү номурунда жарыяланган маегинде маалымдады. Анын айтымында, учурда Саддам Хусейндин 35 жаштагы Рагдад жана 33 жаштагы Рана атуу кыздары өз балдары менен Багдадда турушат. Эгерде, Британиянын жогорку бийлиги кыздардын өтүнүчүн канааттандырбаса, анда алар Мисирден, Катардан же Бириккен Араб Эмиратынан баш баанек алууга аракеттенишет.