Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Францияда өнүккөн өнөр-жайлуу сегиз өлкөнүн саммити уланууда


Франциянын Эвиан шаарында өтүп жаткан өнөр-жайлуу сегиз өлкө жетекчилеринин бүгүнкү жыйынында, дүйнөлүк экономикага байланыштуу маселелер талкууга алынды. Жыйындын катышуучулары айрым европа өлкөлөрүнүн экономикасын реформалоо зарылчылыгына токтолушту. Британиянын премьер-министри Тони Блэр бул тууралуу мындайча пикирин билдирди:

- Биз экономикабызды реформалоо жолу менен өзгөртпөсөк, Европаны тез өнүктүрө албайбыз. Ошондой эле биз азыркы окшош жашоо шартында жашап кете албайбыз. Бул барыбызга түшүнүктүү.

Жыйын соңунда каралган маселер тууралуу бирдиктүү документ кабыл алынаары күтүлүүдө. Өнүккөн сегиз өлкөнүн саммити кечээ башталган жана шейшемби күнү соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG