Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттердин жөөттөргө каршы тукум курут саясатынан, же Холокосттон жабыр тарткандарга быйыл Германиянын камсыздоо компанияларынын эсебинен 15 млн долларлык акча таратылат. Холокосттун курмандыктарынын адвокаттары бардыгы 10 жыл ичинде Германия алардын кардарларына 132 млн доллар бөлүштүрөөрүн билдиришти.