Пхеньян Түштүк Кореянын аскерий кемеси өлкөнүн батыш жээктериндеги чек араны дагы бир ирет бузуп өткөнүн билдирип, мындай окуялар кайталана берсе, эки өлкө ортосунда согуш чыгаарын эскертти. Өз кезегинде Сеул да Түндүк Кореянын 8 балык уулоочу кемеси өлкөнүн аймагына тереңдеп кирип кеткендиктен, чек арачылар ок ачып, эскертүүгө аргасыз болгонун кабарлады.