Оппозициячыл партиялар уюштурган демонстрациянын катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө баш ийбеген, көз карандысыз орган болушун талап кылышууда. Бул акциядан көп узабай, Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын алты мүчөсү отставкага кетүү жөнүндөгү чечимин жарыялашты. Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү колдоодон баш тарткан парламентарийлер БШКнын мүчөлөрүнүн жарымын грузин президенти дайындайт деген жобого каршы болууда.