Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:15

Эвиан шаарында дүйнөнүн алдыңкы 8 өлкөсүнүн лидерлеринин саммити аяктады


3 күндүк жолугушуунун соңунда алар Ирактын эгемендүү, демократиялуу жана стабилдүү мамлекет болушун жактаган билдирүү кабыл алышты. Документте андан тышкары Жакынкы Чыгышта эл аралык "Жол картасы" планы ишке ашып, бейпилдик орнооруна ишенич билдирилип, андагы Сирия менен Ливанга тийиштүү жоболор да аткарылышы керектиги белгиленген. Өнөр жайы өнүккөн 8 өлкөнүн лидерлери экономикалык маселелерде АКШ долларынын курсунун төмөндөп кеткенин талкуулап, жалпысынан дүйнөлүк экономика кризистен чыгып баратат деген жыйынтыкка келишти.

XS
SM
MD
LG